Президент Атамбаев Тажикстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында министр президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушмак.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидин Аслов кечээ Кыргызстанга расмий сапары менен келген. Иш сапардын алкагында министр президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0