Көчмөндөр оюндарына Кувейт мамлекети чакырылды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов өлкөнүн спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ахмад Абдульраззак Аль-Кхазал менен жолугуу учурунда
Кыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов өлкөнүн спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ахмад Абдульраззак Аль-Кхазал менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, жаштар жана спорт жаатында өз ара аракеттенишүүнү ортого салышты.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов өлкөнүн спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ахмад Абдульраззак Аль-Кхазал менен жолугуп, Көчмөндөр оюндарына расмий чакыруу кагазын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Шарипов директорго күзүндө Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган Көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип, андагы спорттук мелдештер тууралуу айтып берди. 

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, жаштар жана спорт жаатында өз ара аракеттенишүүнү ортого салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0