Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев ал маалымат жыйыны учурунда

Нариман Түлеев эл аралык сотторго арыз менен кайрылат

327
(жаңыланган 12:11 12.05.2016)
Экс-мэр маалымат жыйында түрмөдөн кантип чыккандыгын жана мындан ары эмне кыларын айтып берди.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев ага карата чыккан соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип эл аралык сотторго кайрылат. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

"Мен башынан аягына чейин отурсам да мага карата чыккан өкүмгө макул эмесмин. Учурда эл аралык сотко кайрылууга даярдык көрүп жатабыз. Документтер англис тилине которулууда. Бирок эгер жеңишке жетишсек, төлөгөн акчамды жана батирлеримди (конфискацияланган мүлк) кайра доолабайм", — деди Түлеев.

Экс-мэр өзүн мыйзамдуу түрдө мунапыстын негизинде бошотулдум деп эсептейт. 

"Баарын менин түрмөдөн кантип чыкканым кызыктырып жатат. Кадимки жарандай эле мунапыстын негизинде бошотулдум. Бул үчүн мени акча берди деп жатышат. Жогорку соттун 32 миллион сом төлөө боюнча өкүмү чыккан. 62 миллион сом төлөдүм. Мени менен кошо жаза өтөгөн кесиптештеримдин бардыгы үчүн туугандарым каражат төлөштү", — деди ал. 

Түлеев эгер анын иши мисалы Кытайда каралса, эчак эле бошотулмактыгын айтты.

"Кытайдын өкмөтү, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик коопсуздук комитети биздин актыгыбызды тастыктады", — деди экс-мэр.

Бишкектин мурдагы башчысы 2013-жылдын 29-июлунда камакка алынып, 4 жылга чукул абакта жаза өтөдү.

Экс-мэр жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Түлеев 2012-жылы мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелген. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. 

Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 7-майда эркиндикке чыкты.

327
Белгилер:
мунапыс, сот, Нариман Түлеев
Тема:
Нариман Түлеевдин бошотулушу (9)
Тема боюнча
Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев абактан чыкты