Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок

Жазылуу
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорго 46 депутат макул, 65 эл өкүлү каршы болду.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзам долбоорун жактырган жок. 

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 46 депутат макул, 65 эл өкүлү каршы болду. 

Мыйзам долбоор биринчи окууда кабыл алынган долбоордон кыйла айырмаланып турат. Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчет берүү менен аларды жарыялап турууга милдеттендирилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1,5 миӊден ашун чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0