Президент: мамлекетте башаламандык жаратууга аракет жасагандарга катуу чара көрүлөт

Жазылуу
Атамбаев мамлекетте тынчтыкты сактоо үчүн күч структуралары менен УКМК кызматкерлерин катуу чараларды көрүүгө чакырды.

БИШКЕК, 14-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында башаламандык жаратууга аракет жасагандарга катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата "Баатыр эне" орденин тапшыруу аземинде билдирди.

Өлкө башчы чет элдин акчасына сугарылган Элдик парламенттин мүчөлөрү Кыргызстандын келечегин ойлобостон кан төгүп болсо дагы бийликти басып алууну көздөп жатканын айтты.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Мотуев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды
"Элдик парламенттин өкүлдөрү 17-майда төңкөрүш жасайбыз деп жатышат. Алардын бир гана максаты бар — элди кырып болсо да бийликке жетиш керек. Бирок биз андайга жол бербейбиз. Алардын арасында кимдер гана жок? Бирок биз булардын аракетинин ишке ашышына жол бербейбиз", — деди Атамбаев.

Президент мамлекетте тынчтыкты сактоо үчүн күч структуралары менен УКМК кызматкерлерин катуу чараларды көрүүгө чакырды.

"Мен бул маселени бүгүн көтөрүп жатканымдын себеби, буга чейин энелердин көз жашы жакшы эле төгүлдү. Мындан ары андай көрүнүшкө жол берилбейт", — деди өлкө башчы.

Президент эл бузарлардын аркасында ким турса да коркпой тургандыгын айтып, кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет кылгандарга кескин чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0