Атамбаев эл кааласа отставкага кетүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы референдумдун чечими бардык мыйзамдан, Конституциянын бардык ченемдеринен жогору турарын белгиледи.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев референдум өтүп, эл кааласа отставкага кетүүгө даяр экенин бүгүн "Баатыр эне" орденин тапшыруу салтанатында билдирди.

Өлкө башчы акыркы күндөрү оппозициянын аракетине баа берип, алардын бир гана бийликти алуу максаты бар деген пикирин айтты.

"Бир жарым жыл күтүүгө чыдамы жетпесе алардын референдум өткөрүү боюнча мыйзамдуу укугу бар. Мен алардын демилгесин колдоого убада берем. Эгер референдумда эл мага каршы добуш берсе, мен отставкага кетүүгө даярмын", — деди Атамбаев.

Президент өлкөдөгү абалды курчутууга жасалган аракеттерге кескин чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0