ЖКнын тармактык комитетин Өмүркуловдун ордуна Аманкулов жетектеди

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Марат Аманкулов. Архив
Депутат Марат Аманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул комитетинин мурдагы төрагасы Өмүркулов КСДП парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Тармактык комитет Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Марат Аманкуловдун талапкерлигин колдоду. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Аталган тармактык комитет Аманкуловдун талапкерлигин төрагалыкка, ал эми орун басарлыкка депутат Эмил Токтошевдин талапкерлигин жактырды", — деп айтылат маалыматта.

Аманкулов — КСДП, ал эми Токтошев — "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары. 

Бул комитеттин мурдагы төрагасы Иса Өмүркулов КСДП парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0