Оштун мэрлигине эки талапкер кыргыз тилин жакшы билерин көрсөттү

© Sputnik / Айша КамиловаОш шаардык мэриясынын имаратында кыргыз тилин билүү боюнча экзамен
Ош шаардык мэриясынын имаратында кыргыз тилин билүү боюнча экзамен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы мэрди шайлоо 2016-жылдын 25-майына пландалган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ош шаарынын мэрлигине учурда эки талапкер – КСДП фракциясынан Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Айтмамат Кадырбаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын Алишер Мойдунов ат салышмакчы. Бүгүн алар Ош шаардык мэриясынын имаратында кыргыз тилин билүү боюнча экзамен тапшырды.

Экзаменге биринчи болуп Кадырбаев кирип, коюлган талаптардын алкагында шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча программасын мамлекеттик тилде айтып берди. Андан сырткары, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын көркөм окуду. Комиссия Кадырбаевдин кыргыз тилин жана грамматикасын мыкты билет деген чечим кабыл алды.

© Sputnik / Айша КамиловаЭкзаменге биринчи болуп Кадырбаев кирип, коюлган талаптардын алкагында шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча программасын мамлекеттик тилде айтып берди.
Экзаменге биринчи болуп Кадырбаев кирип, коюлган талаптардын алкагында шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча программасын мамлекеттик тилде айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Экзаменге биринчи болуп Кадырбаев кирип, коюлган талаптардын алкагында шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча программасын мамлекеттик тилде айтып берди.
© Sputnik / Айша Камилова"Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Мойдунов да экзаменди үч этапта тапшырып, комиссия аны мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билет деген бүтүм чыгарды.
2/3
"Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Мойдунов да экзаменди үч этапта тапшырып, комиссия аны мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билет деген бүтүм чыгарды.
© Sputnik / Айша КамиловаОш шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Айтмамат Кадырбаев сынактан кийин.
3/3
Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Айтмамат Кадырбаев сынактан кийин.
1/3
Экзаменге биринчи болуп Кадырбаев кирип, коюлган талаптардын алкагында шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча программасын мамлекеттик тилде айтып берди.
2/3
"Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Мойдунов да экзаменди үч этапта тапшырып, комиссия аны мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билет деген бүтүм чыгарды.
3/3
Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Айтмамат Кадырбаев сынактан кийин.

"Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Мойдунов да экзаменди үч этапта тапшырып, комиссия аны мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билет деген бүтүм чыгарды.

"Талапкерлер экзаменде мамлекеттик тилди жакшы билерин көрсөтүштү",— деди экзамен өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, Ош мамлекеттик Университетинин ректору Каныбек Исаков.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы мэрди шайлоо 2016-жылдын 25-майына пландалган.

Оштун азыркы башчысы бул кызматка 2014-жылдын 15-январында шайланган. Ош шаардык кеңешиндеги шайлоого катышкан 45 депутаттын 25и Кадырбаев үчүн добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0