Инвестицияны өнүктүрүү боюнча агенттикти Алымбек Орозбеков жетектеди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин Экономика министрлигинин инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын жетекчиси болуп келген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Экономика министрлигинин Инвестицияны өнүктүрүү боюнча агенттигинин жамаатына жаңы директор Алымбек Орозбеков тааныштырылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка кечээ күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Орозбеков буга чейин Экономика министрлигинин инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын жетекчиси болуп келген. Аны жамаатка министр Арзыбек Кожошев тааныштырды.

Агенттиктин буга чейинки жетекчиси Алмаз Сазбаков министрдин орун басары болуп иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0