Марат Аманкулов ЖКдагы транспорт жана коммуникация комитетин жетектеди

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган комитеттин буга чейинки жетекчиси КСДП фракциясынын лидери болуп шайланган эле.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жетектеди. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынына чыгарылган. Комитеттин буга чейинки жетекчиси Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери болуп шайланган.

Жашыруун добуш берүүгө 112 депутат катышып, алардын 101 макулдугун берсе, 10 депутат каршы болду.

Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги тармактык комитет Аманкуловдун талапкерлигин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жетекчилигине жактырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0