Жээнбеков Арменияда Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

Жазылуу
Өкмөт башчысы аталган жыйындын алкагында эки тараптуу бир нече жолугушууларды өткөрөт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетекчилик кылган Кыргызстандын делегациясы Ереван шаарында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын 19-20-майда Арменияда өтүп, анда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралат.

КР премьер-министри аталган жыйындын алкагында эки тараптуу бир нече жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0