ЖК төрагасы Питерде ЕАЭБ алкагындагы Кыргызстанга тиешелүү маселелерди көтөрдү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК спикери Кыргызстан үчүн ЕАЭБ аймагындагы темир жол транспорту аркылуу ташылуучу жүктөрдүн тарифтерин теңештирүү абдан маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы форумда ЕАЭБде бирдиктүү электр энергия рыногун түзүү муктаждыгы чоң экендигин айтты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Спикер ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бирдиктүү электр энергия рыногун түзүү аркылуу алдыга карай секирик жасай алат деген пикирин айткан. 

"Мисалы, Кыргызстан экологиялык жактан таза жана арзан өндүрүлгөн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн мунайзат, мунайзат продуктылары жана газ боюнча бирдиктүү рынок түзүү концепциясынын кабыл алынышы бул багыттагы дагы бир маанилүү кадам болуп калат", — деп Турсунбеков билдирген. 

Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорттук коммуникацияны жакшыртуу да аталган биримдиктин алдындагы максаттарды ишке ашыруу да маанилүү маселелердин бири экендигин белгиледи.

"Кыргызстан үчүн ЕАЭБ аймагындагы темир жол транспорту аркылуу ташылуучу жүктөрдүн тарифтерин теңештирүү абдан маанилүү. Биздин өнөктөр буга түшүнүү менен мамиле жасайт деп ишенебиз. Себеби биз өзүбүзгө эч кандай артыкчылык сураган жокпуз. Биз Биримдиктин алкагындагы макулдашууларды тезирээк аткарууга даярдыгыбызды билдирип жатабыз", — деген Турсунбеков.

Ал ошондой эле ЕАЭБге кирген өлкөлөр бири-биринин артыкчылыктарын натыйжалуу колдоно билиши керектигин кошумчалады.

Учурда ЖКнын спикери жетектеген депутаттардан турган делегация эл аралык "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган форумга катышып жатат. Санкт-Петербург шаарында бүгүн башталган иш-чара 20-майда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0