Жогорку соттун имараты. Архив

Сот Нарымбаев жана Коркмазовдун иши боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды

146
(жаңыланган 18:05 24.05.2016)
Сот отурумунун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Данияр Нарымбаевди кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап, ал эми Коркмазовду кылмышты ачууга жардам берген деген пикирин айткан.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Судья Жаңыл Мамбеталы төрайымдык кылган соттук коллегия соттолуп жаткан Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовду күнөөлүү деп таап, Биринчи Май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. 

Ага ылайык, Нарымбаев үч жылга, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылды.

Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман соттун чечими боюнча кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди.

"Өкүмгө макул эмеспиз. Кийинки инстанцияга кайрылабыз", — деди адвокат. 

Эске сала кетсек, Биринчи Май райондук соту президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Нарынбаевди үч жылга, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган.

Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алганын билдирген. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагында кармалып келишкен.

Нариман Түлеев мунапыстын негизинде үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

146
Белгилер:
Данияр Нарымбаев, Нариман Түлеев, Хажимурат Коркмазов, сот
Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
Тема боюнча
Коркмазов: прокурорлорго ыраазычылык билдирем
Нарымбаев: бизде соттук бийлик жок экен, муну жон терим менен сездим

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

83
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

83
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов

Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

115
(жаңыланган 21:55 02.08.2021)
Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

115
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашов, кызмат, мэрия, уул, бошотуу
Тема боюнча
Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео