Нарын, Ысык-Көл жана Баткендеги айрым айыл аймактарынын башчылары шайланат

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын үч облусунун жети айыл аймагынын башчыларын шайлоо 7 жана 10-июнга белгиленди.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы айрым жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларын шайлоо күнүн белгиледи. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында алты айыл аймагында өткөн депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдор бекитилген.

"Нарындын Ак-Талаа районундагы Терек айыл өкмөтүн, Жумгалдагы Чаек айыл өкмөтүн, Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айыл өкмөттөрүн шайлоо 2016-жылдын 7-июнунан белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш жана Нарындын Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын башчысын шайлоо 10-июнда өтмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0