Бишкек ШИИБдин расмий сайтынан тартылган сүрөт. Жунушалиев Кашкар Астаканович. Архив

ИИМ башчысынын милдетин Кашкар Жунушалиев аткармай болду

290
(жаңыланган 13:30 30.05.2016)
Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген Жунушалиевдин талапкерлигин президентке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ички иштери министринин милдетин Кашкар Жунушалиев аткарат. Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-майда кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчысы ИИМди жетектеп турган Мелис Турганбаевди кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген Жунушалиевдин талапкерлигин президентке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. 

Жарлык кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

290
Белгилер:
жарлык, Кашкар Жунушалиев, Мелис Турганбаев
Тема:
ИИМ башчысынын кетиши жана жаңы министрдин дайындалышы (8)
Тема боюнча
ИИМ башчысы Мелис Турганбаев кызматынан бошотулду