Снимок с официального сайта Правительства КР. Председатель Государственной таможенной службы Адамкул Жунусов. Архивное фото

ЕЭКке Кыргызстандан министр болуп Ибраевдин ордуна Жунусов дайындалды

89
(жаңыланган 20:30 31.05.2016)
Ибраев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп 2015-жылы апрель айында дайындалган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечими менен Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына Кыргызстан тараптан Адамкул Жунусов дайындалды. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктады.

Буга чейин Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Сарксян Кыргызстан ЕЭКтеги министр кызматына Данил Ибраевдин ордуна КРдин Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун талапкерлигин сунуштаганын билдирген.

Ибраев Кыргызстандын атынан ЕЭКке министр болуп 2015-жылы апрель айында дайындалган. Ошондой эле Экономика министринин орун басары болгон.

Ал эми Адамкул Жунусов Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагалыгынан 2016-жылы 20-апрелде бошотулган.

89
Белгилер:
Адамкул Жунусов, Данил Ибраев, Евразиялык экономикалык биримдик, ЕЭК
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (321)
Тема боюнча
Адамкул Жунусов Бажы кызматынын жетекчилигинен бошотулду
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

150
(жаңыланган 00:10 04.12.2021)
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.

150
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Садыр Жапаров, Владимир Путин, сүйлөшүүлөр
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү
Шайлоо участогу. Архив

Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү

482
(жаңыланган 22:08 03.12.2021)
Саат 21:42ге карата 2 470 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы саналып бүттү. Бул элдин 99 пайызынын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. БШК парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99,04 пайызын кол менен санап бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Бюллетендерди кол менен саноо 28-ноябрда башталган.

Саат 21:42ге карата 2 470 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматтары толук каралып бүттү.

Азырынча беш пайыздык чектен өтө алган партиялар:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду.

482
Белгилер:
Кыргызстан, парламенттик шайлоо, добуш, саноо, бюллетень
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
УКМКга барган Келдибеков шайлоо таза өткөнүнө ынанганын билдирди. Видео
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Кимге мандат берилет? Бир мандаттуу округдарда добуштар кол менен саналып бүттү
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду

0
(жаңыланган 18:55 04.12.2021)
Көз жумган машыктыруучунун командасы чечүүчү голду киргизген. Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялап, машыгуулар менен оюндарды жылдырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн башкы машыктыруучунун жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от نادي المجد السكندري (@almagdsportsclub)

Окуя Египеттин экинчи дивизионунун оюндарында болгон. "Аль-Мадж" клубу мелдештин 93-мүнөтүндө чечүүчү топту киргизип, оюнчулар менен машыктыруучулук штаб жеңишти майрамдаган. Бөтөнчө клубдун башкы машыктыруучусу Эль-Сельхедар маңдайы жарыла сүйүнгөн.

Оюн кайрадан уланган, көрүүчүлөрдүн көңүлүн эси ооп жыгылган машыктыруучу бурган. Ал жактагы медиктер көмөктөшүп, андан кийин Тез жардам кызматын чакырганы менен ооруканага жетпей көз жумган. Дарыгерлер жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Ал 53 жашта болгон.

Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялаган. Команда машыгууларын токтотуп, оюндарды жылдырган.

0
Белгилер:
Египет, футбол, оюн, машыктыруучу, өлүм
Тема боюнча
Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео