Дамир Мусакеев мамлекеттик күзөт кызматын жетектеди

Жазылуу
Буга чейинки жетекчи башка кызматка которулуп кеткен.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматын жетектөөгө дайындалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Атамбаев Мусакеевди дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

9-кызматтын мурунку жетекчиси Болотбек Сүйүмбаев УКМКнын анализдөө жана божомолдоо кызматына башчы болуп кеткен.

Эскерте кетсек, 9-кызматы өлкө башчыларын коргоо боюнча иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0