Кашкар Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер министр КР Сооронбай Жээнбеков и и.о. министра внутренних дел Кашкар Жунушалиев
Премьер министр КР Сооронбай Жээнбеков и и.о. министра внутренних дел Кашкар Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жунушалиев буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кашкар Жунушалиевди ички иштер министри кылып дайындоо боюнча Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Жунушалиевге чейин министр болуп келген Мелис Турганбаев 30-майда өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Премьер-министрдин сунушу менен министрдин милдетин аткаруу Жунушалиевге жүктөлгөн. Кечээ, 1-июнь күнү анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоп берди.

Жунушалиев буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0