Фабула гезитиндеги макала.

Беш өрдөк: камактан качкан Кунакунов жана Тоң районун башкарган "кылмышкер"

1113
(жаңыланган 17:12 01.12.2017)
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Максат Кунакунов УКМКнын убактылуу жайынан качып кетиптир дейби?..

"Фабула" гезити 3-июнда чыккан санында эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп кармалган Максат Кунакуновдун кылмыш иши сотко өтө электигин айтып, өзүнүн УКМКнын убактылуу кармоо жайында бар-жогу белгисиз деп жазды.

"…Айрым активисттердин айтымында, ушул убакка чейин Максат Кунакуновдун кылмыш иши тергелип сотко өтпөй, ал эми өзүнүн УКМКнын тергөө абагында бар же жок экендиги белгисиз бойдон калып жатыптыр. Буга бир катар укук коргоочулар да кошулуп, аталган иш боюнча сот процессине катышууга ниеттенип күтүп жүргөнүн айтышат…", — деп жазат аталган гезит.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов Кунакуновдун иши жашыруун экенин жана ал Биринчи Май райондук сотуна өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, эч кандай комментарий бере албай турганын айтты. Ал эми Биринчи Май райондук соту бул иштин жашыруун экенин тастыктап, түшүндүрмө бербей турганын билдирди.

Тоң районун кылмышкер башкарабы?

"Де-Факто" гезити 3-июнда чыккан санында Ысык-Көл облусунун Тоң районун башкарып жаткан аким буга чейин эки жолу кылмыш жообуна тартылганын жазып чыкты.

"… ИИМден алынган тактамага караганда Улан Эсенгул уулу адегенде 2008-жылы уурулук боюнча жоопкерчиликке тартылып, бирок амнистияга туш келип акталган. Экинчи ирет ал 2010-жылы ишенип тапшырылган мүлктү менчиктеп алган деген айып менен бир жылга эркинен ажыратылган. Бирок үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн эркиндикке чыгарылган экен…", — деп жазат аталган гезит.

Тоң районунун акими Улан Эсенгул уулу чындап эле ага кылмыш иши ачылганын, бирок ал соттун чечими менен кыскартылып жабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Чынында бир жолу иш козголуп, ал кыскартылып жабылган. Ал жактан акталгам. Өкмөттөгүлөр деле менин талапкерлигимди коюп жатканда толугу менен тактап туруп анан чыгарышкан. Мен мурда Ак-Терек айылында үч жыл айыл өкмөт болуп иштегем. Ошол айылдык кеңеште 2-3 депутат бар эле. Алар Ак-Терек айылындагы жерден чыккан ысык сууну ижарага алып, аны мөөнөтү өтүп кеткенге чейин эле колдонуп жүрүшкөн. Мен ошону айыл өкмөттүн балансысына койдургам. Ошого ичи күйүп калган немелер ар кайсыл жакка жамандап эле жалаа жаап жатат", — деди ал.

Паспортту эми Айнуру Алтыбаевадан сурайбызбы?

"Де-Факто" гезити 3-июнда чыккан санында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин ордуна депутат Айнуру Алтыбаева бара турганын жазды.

"…Алтыбаева Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болгону жатыптыр деген кеп учту. Бизде адегенде кеп кетип анан эле ошол ушак чын чыгып калчу эле", — деп жазат аталган гезит.

Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине жакын арада мамлекеттик аткаруу бийлигине баруу планы жок экенин билдирди.

"2015-жылы болгон шайлоодо мен өз шайлоочуларыма депутат болуп иштеп, алардын ишенип берген добушун актайм деп сөз бергем. Андыктан жакын арада мамлекеттик аткаруу бийлигине барып иштейм деген оюм жок", — деди депутат айым.

Белгилей кетсек, Айнуру Алтыбаева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын тизмеси менен 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

1113
Белгилер:
ЖМК, гезит, сот, УКМК, Максат Кунакунов, Айнуру Алтыбаева
Тема:
Беш өрдөк – айың-кептер айылы (23)
Тема боюнча
Беш өрдөк: Турганбаевдин жаңы кызматы жана премьерге жакпаган министрлер
Пикир алмашуу аянтчасы — Сариев КМШ премьерлеринин саммити тууралуу