Өкмөт социалдык маселелерди чечүүдө ЕРӨБ менен кызматташууга дилгир

© Пресс-служба правительства КРМухамметкалый Абулгазиев ЕРӨБ Россия жана Борбордук Азия боюнча инфраструктуралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушуу учурунда
Мухамметкалый Абулгазиев ЕРӨБ Россия жана Борбордук Азия боюнча инфраструктуралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнгө карата суу түтүктөрү, суу чыгаруу жана тазалоо жайлары тутумун оңдоого 173,2 миллион евродон ашуун каражат тартылган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Россия жана Борбордук Азия боюнча инфраструктуралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Екатерина Мирошник менен жолукканда КР социалдык маселелерди чечүү жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Диабеттен куралдуу күчтөргө чейин: КМШ өкмөт башчылар кол койгон документтер
Жолугушууда ЕРӨБ линиясы боюнча каржыланып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо, суу чыгаруу, коммуналдык тейлөө багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Ошондой эле тараптар Ош — Баткен — Исфана жана Бишкек — Кара-Балта жолдорун куруу долбоорлору боюнча пикир алышты.

Мирошник биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевге долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата суу түтүктөрү, суу чыгаруу жана тазалоо жайлары тутумун оңдоого 173,2 миллион евродон ашуун каражат тартылган.

Биринчи вице-премьер өкмөт донорлор менен кызматташууга ар дайым даярдыгын жана ЕРӨБ менен келечекте эки тараптуу баарлашууну кеңейтүүгө ишенерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0