Ачык саясат Plus гезитиндеги макала

Беш өрдөк: "пыш" болчу депутат Мискенбаев жана ар кимдин эшигин каккылаган Кенекеев

727
(жаңыланган 17:11 01.12.2017)
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Депутат Мискенбаев "пыш" болобу?

"Ачык саясат Plus" гезити 10-июнда чыккан санында КСДП партиясынан депутат болуп келген Мээрбек Мискенбаев мандатын жакында тапшыра турганын жазды.

"КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевдин мандатын тапшырууга аз калыптыр. Бу жигиттин үстүнөн арызданган коомчулуктун билдирүүсү эске алынса керек. Депутат болору менен коомчулукта ызы-чуу жаратканы көпчүлүккө жаккан эмес окшойт. Кыскасы, Мээрбек мырзанын мандатынан ажырашы күтүлүүдө", — деп жазат аталган гезит.

Эл өкүлү мындай маалыматты биринчи жолу угуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Бул маалыматты силерден угуп жатам. Андай болушу мүмкүн эмес, биз жаңы гана иштеп баштадык. Балким узун кулактардын айткандарын эле чын көрүп ушундай маалымат тарашы мүмкүн", — деди ал.

Таласка губернатор болом деп эшик каккылагандар

"Де-Факто" гезити 10-июнда чыккан санында Талас облусунун башчысынын орун басары Даир Кенекеев жетекчисинин ордун басыш үчүн ар кимдин эшигин каккылап жүрөт деп жазды.

"…Ушу тапта Кенекеев "артындагы калбырын" калдыратып сүйрөп алып аталган облуска губернатор болом деген дымак менен ар кимдин эшигин каккылап жүрү", — деп жазат аталган гезит.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Даир Кенекеев учурда орун басарлыкта эле иштеп жатканын, кимдир бирөөлөрдүн эшигин каккылап барганга убактысы жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Азыр Таласта айыл чарба, жазгы талаа иштери күчөп турган убак. Малды жайытка көчүрүү иштери жүрүүдө. Андан сырткары, буга чейин жүргөн селдин кесепеттерин жоюп, алдын алуу иштери жүрүүдө. Андыктан мен башкалардын эшигин каккылоого убактым жок", — дейт ал.

Кенекеев ошондой эле мындай имиш кептер ал Таласка жумушка келгенден бери эле айтылып жатканын айтат. Учурда ал облус башчысы менен эриш-аркак ийгиликтүү иштеп жатканын кошумчалады.

727
Белгилер:
ушак, кызмат, КСДП фракциясы, Мээрбек Мискенбаев
Тема:
Беш өрдөк – айың-кептер айылы (23)
Тема боюнча
Беш өрдөк: камактан качкан Кунакунов жана Тоң районун башкарган "кылмышкер"