Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда

Атамбаев "Кумтөр" менен түзүлгөн келишимдер боюнча кылмыш ишин жандандырууну тапшырды

117
(жаңыланган 12:54 14.06.2016)
Өлкө башчы бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, компаниянын айланасындагы окуялар боюнча маалымат алды.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага кыргыз өкмөтүнүн 2003-2004 жана 2009-жылдары "Кумтөр" компаниясы менен түзгөн келишимдеринин мыйзамдуулугун иликтөөнү тапшырды. Мындай милдетти Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып жатып койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президенттин тапшырмасы "Кумтөр" боюнча жаңы кырдаалдар ачыкка чыкканына негизделген. 

Атамбаев бул ишти адилет иликтөө менен бирге коомчулукту өз маалында жасалып жаткан иштер тууралуу кабардар кылып туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Эл Кыргызстандын сыймыгы деген атка конуп, ири инвестициялык долбоор боло турган "Кумтөр" кени эмне себептен "шылуунчулук", "эки үй-бүлөнүн коррупциялык жеми" жана улуттук кызыкчылыктын сатылышы деп кабыл алынып жатканын билиши керек", — деди өлкө башчы.

"Кумтөр" — бюджеттин ири бөлүгүн түзүүчү ишкана. Анын акциясына Centerra Gold Inc. компаниясы 100 пайыз ээлик кылат. 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, компаниянын акциясынын 33 пайызы Кыргызстанга таандык. Centerra Gold Inc. Кыргызстан жана Монголияда жайгашкан эки алтын кендин ээси болуп саналат.

117
Белгилер:
кылмыш иши, Кумтөр, Индира Жолдубаева, Алмазбек Атамбаев
Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" чоңдоруна карата кылмыш иши сот чечимин аткарбагандыгы үчүн козголгон
Профком: "Кумтөрдөгү" абалга байланыштуу 20 миң адам каршылык көрсөтүүгө даяр
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

59
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

59
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды
ЖККУнун  жыйыны. Архив

ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер

54
(жаңыланган 19:43 01.12.2020)
Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Отурумдун аягында бир топ документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Иш-чара Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун БУУ менен өз ара кызматташуусу, аталган уюмдун алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышуу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйындын соңунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо боюнча бир нече документтер макулдашылган. Буга авиациялык тармактын өнүгүшү жана аны изилдөө маселелери, аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн планын кароо кошулган.

Келерки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтмөкчү.

54
Белгилер:
кызматташуу, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты