Жээнбеков Жуманазаровду бошотуп, Кенекеевди дайындаган буйрукка кол койду

Жазылуу
Жуманазаров ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын бүгүн чукул жыйында билдирген.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаровду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Жуманазаров ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын бүгүн чукул жыйында билдирген.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен аталган кызматка Жуманазаровдун мурунку орун басары Даир Кенекеев дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0