ЖКнын тармактык комитети өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүү боюнча сунушун жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги депуттаттын жумуш орду. Архив
Жогорку Кеңештеги депуттаттын жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетти Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүү боюнча сунушун жактырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган комитеттин мүчөсү Иса Өмүркулов билдирди.

Эскерте кетсек, премьер-министр өкмөттүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү сунуштаган:

  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
  • Мамлекеттик байланыш агенттиги жана Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
  • Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Жуманазаровду бошотуп, Кенекеевди дайындаган буйрукка кол койду
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Парламенттин тармактык комитетинин жыйынына өкмөттүн бардык мүчөлөрү катышып, маселе эртең Жогорку Кеңештин отурумунда каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0