КРдин Алматыдагы консулдугуна Алымкуловдун талапкерлиги жактырылды

Жазылуу
Алиясбек Алымкулов буга чейин КРдин жаштар министри болуп иштеген.

БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Алматы шаарындагы баш консулдугуна Алиясбек Алымкуловдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева билдирди. 

Анын айтымында, эми Алымкуловдун талапкерлигин президент Алмазбек Атамбаев карайт. 

Ал буга чейин КРдин жаштар министри болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0