Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунушту жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт мүчөсүнүн креслосу. Архив
Өкмөт мүчөсүнүн креслосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүү боюнча сунушун жактырды.

Аталган сунушка 96 депутат макул, 3 эл өкүлү каршы добуш беришти.

Эскерте кетсек, премьер-министр өкмөттүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү сунуштады:

  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
  • Мамлекеттик байланыш агенттиги жана Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
  • Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

 

Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0