Чекист, ырчы жана теолог: КР элчилеринин таржымакалы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКызматкерлер. Архив
Кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн 30 өлкөсүндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү бар. Республиканын азыркы элчилери кайсы окууда окуп, ким болуп иштегенин Sputnik Кыргызстан териштирип көрдү.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Дипломатиялык корпуста жакында өзгөрүүлөр болду. Дасыккан дипломат Данияр Сыдыков Өзбекстанга элчиликке дайындалып, ал эми Алматыга башкы консул болуп мурдагы жаштар министри Алиясбек Алымкулов барды.

Алымкулов 1992-2010-жылдары ишкерлик менен алектенген. Бир нече ишти алмаштырып, анын ичинде "Буудай" мамлекеттик ишканасында сатык бөлүмүнүн башчысы болууга үлгүргөн. 2007-2009-жылдары дипакадемияда окуган (экинчи билими), бирок башкы консул болуп дайындалганга чейин дипломатиялык чөйрөдө иштеген эмес. 

Sputnik Кыргызстан редакциясы элчилик кызматка кимдер дайындаларын иликтеп көрдү. Эскерте кетсек, КРдин дипломатиялык өкүлчүлүгү бардыгы болуп 30 мамлекетте бар. 

Аз да болсо саз болгон жакшы

Өкмөт мүчөсүнүн креслосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунушту жактырды
Бул тизмеге кадрдык дипломаттарды жана көп жылдан бери эл аралык мамилелер тутумунда иштеп жүргөн дипломатиялык кызматкерлерди киргиздик. Алардын арасында бир кезде Тышкы иштер министрлигинин жетекчилик курамына кирген бир катар элчилер да бар. 

Мисалы, Бельгиядагы ыйгарым укуктуу элчи Асеин Исаев ТИМдин статс-катчысы, башкача айтканда, министрликтин жогорку административдик даражадагы атка минери болчу (андан жогору министр менен министрдин орун басары гана турат). Азыр КРдин Германиядагы өкүлү Эринес Оторбаев министрдин орун басары, ал эми Түштүк Кореядагы элчи Аскар Бешимов биринчи орун басары болчу.

Экс-министрлердин даңгыр жолу

Батышта элчи кылып мурунтан чоң кызматты ээлегендерди көп дайындашат, бул жагынан Кыргызстан да артта калбайт. Чет өлкөдө мурдагы атка минерлердин бүтүндөй тобу иштейт.

Алардын арасында эң атактуусу деп КРдин Түркмөнстандагы өкүлү Жаныш Рустенбековду атаса болот. Ал кезинде Бишкектин Биринчи май районунун акими, Ош облусунун губернатору, мамлекеттик катчы, президенттик администрациянын жетекчиси, өзгөчө кырдаалдар министри, Токой чарбачылык боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болгон. Керек болсо Жогорку Кеңештин депутаты болууга да үлгүргөн.

Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК комитети КРдин Өзбекстандагы элчилигине Сыдыковдун талапкерлигин жактырды
Алмазбек Атамбаев башчылык кылып турган өкмөттө (2010-2011-жылдар) вице-премьер Ибрагим Жунусов кийин Маданият министрлигин жетектеген, азыр Түркияда элчи. Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов 2012-2013-жылдары Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеген; социалдык тармакты башкарган вице-премьер Камила Талиева менен болгон чатакташып кетип өкмөт курамынан чыгып кеткен. 

Чыгыш таануучу Абдулатиф Жумабаев мурда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеген, эми болсо өлкөнүн кызыкчылыгын Сауд Аравиясында коргоп жүрөт. Баса, ал Түштүк Африкага да элчи болуп дайындалды. 

Эсенгул Өмүралиев (Казакстан) 2000-жылга чейин вице-премьер, ошондой эле тышкы соода жана өнөр жай министри болуп иштеген. Андан соң Украинага элчи болуп дайындалып, кийин дипломатиялык иштен бир нече жолу кетип, кайра келген. 

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Тажикстанда элчи болуп иштейт.

Билими

Заседание коллегии полномочного представительства в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Талас облусунун жетекчиси кызматынан кетип, ордуна Кенекеев дайындалды
Дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектегендердин баары эле тийиштүү билимге ээ эмес. Бири акырындап эл аралык мамилелер тармагындагы адистин дипломун алса, кээсиники таптакыр эле жок жок. 

Мисалы, Болот Отунбаев (Россия) — тарыхчы, ММУнун бүтүрүүчүсү. Самаргүл Адамкулова (Индия) — чыгыш таануучу, Ленинград мамлекеттик университететин бүтүргөн. Асанбек Осмоналиев (Иран) кытай таануучу (синолог). Осмоналиев менен Отунбаевдин экинчи билими – эл аралык мамилелер.

Кесиби

Бир катар дипломаттар мурда иштеген жери же жасаган иштери менен көбүрөөк белгилүү. Мисалы, АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов алгач журналист, анан президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Мурдараак сөз болгон Кылычбек Султанов ЖМКны жетектеген, гезиттерде жооптуу катчы болгон. Чекист Мирослав Ниязов, мурда белгиленгендей, коопсуздук кеңешин жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0