Прокуратуранын тергөө милдети УКМК менен Финансы полициясына жүктөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфельге кагаз салуу. Архив
Портфельге кагаз салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумакадыров прокуратуранын көзөмөлдөө функциясын арттыруу үчүн аны бир гана аткаруу бийлигине эмес, мамлекеттик органдарга да берилсин деген пикирлер айтылган билдирди.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда прокуратуранын тергөө милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына берүү боюнча Коргоо кеңешинин жыйынында айтылганын кеңештин катчысы Темир Жумакадыров маалымат жыйында билдирди. Ал ошол эле учурда прокуратуранын кылмыш ишин козгоо функциясы сакталып кала турганын кошумчалады. 

Жаза аткаруу кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыров: жаза аткаруу системасы 25 жылдан бери биринчи жолу жогорку деңгээлде каралды
Жумакадыровдун айтымында, прокуратура органдарына керектүү учурда ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүгө укук берилет.

Коргоо кеңешинин отурумунда укук коргоо органдарын реформалоо жана азыркы шартта миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери каралган.

Ал өз сөзүндө башкы басым прокуратуранын көзөмөлдөө милдетине басым жасоо каралып жатканын айтып, укук коргоо органдарынын ишин так белгилөө каралганын кошумчалады. 

"Бир-бирин кайталаган органдардан качуу, укук коргоо органдарынын арасында коррупцияны жоюу — башкы максат. Бул аракеттер экономиканы жана бизнести коргоого да жакшы салым кошот", — деди ал. 

Жумакадыров прокуратуранын көзөмөлдөө функциясын арттыруу үчүн аны бир гана аткаруу бийлигине эмес, мамлекеттик органдарга да берилсин деген пикирлер айтылган билдирди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0