Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркель Берлиндеги жолугушуу учурунда. Архив

Атамбаев менен Меркел үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

91
(жаңыланган 15:54 11.07.2016)
13-14-июлда Кыргызстанга алгачкы визит менен Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Атамбаведин чакыруусу менен келип жатат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен Германия канцлери Ангела Меркель үч сааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков брифингде кабарлады.

13-14-июлда Кыргызстанга алгачкы визит менен Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель келет. Иш сапар Атамбаевдин чакыруусу менен болуп жатат.

"Буга чейин Германиянын канцлери биздин өлкөгө келген эмес. 1998-жылы федералдык президент келип, ал мезгилден тарта жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтө элек болучу. Алдыдагы иш сапар Германия Кыргызстан менен алакаларды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгилеп турат",— деп айтты Исаков.

Анын айтымында, 2012-жылы жана 2014-жылы президент Атамбаев Германияга иш-сапар менен барган.

"Лидерлер үч сааттык сүйлөшүү өткөрөт. Бул биздин мындан аркы эки жактуу жана көп тараптуу кызматташууга күчтүү түрткү берет",— деп айтты Исаков.

Талкуунун темаларынын бири Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюму жана анын ишмердүүлүгү туурасында жүрөт.

Кыргызстан менен Германия: эки мамлекет тууралуу кызыктуу 15 факты тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар>>

91
Белгилер:
кызматташуу, иш сапар, Алмазбек Атамбаев, Ангела Меркель
Тема:
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)
Тема боюнча
Кыргызстандагы бейөкмөт уюм Аскаровду абактан бошотууну Меркелден суранып жатат
Кыргызстанга Германиянын канцлери Ангела Меркель келет