Баткенди Кызыл-Кыянын мурдагы мэри Абиш Халмурзаев жетектемей болду

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен дубанынын мурдагы жетекчиси Жеңиш Разаков июнь айынын аягында чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка дайындалган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул тууралуу токтомго кол койгондугун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Халмурзаев буга чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп иштеген.

Баткен дубанынын мурдагы жетекчиси Жеңиш Разаков июнь айынын аягында чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0