Бишкекке келген Меркелди Манас аэропортунан президент Атамбаев тосуп алды

Бишкекке келген Меркелди "Манас" аэропортунан президент Атамбаев тосуп алды

218
(жаңыланган 09:48 14.07.2016)
Лидерлер Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын абалын жана аны мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулайт.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.

Аны "Манас" эл аралык аэропортунда президент Алмазбек Атамбаев тосуп алып, андан соң аба майданын аймагында алардын расмий жолугушуусу болду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аба майданында асабаларга илинген Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик туулары желбиреп, Ардактуу күзөт тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

“Расмий визитттин алкагында Атамбаев менен Меркелдин сүйлөшүүлөрү жүрөт. Лидерлер Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын абалын жана аны мындан ары тереңдетүү маселелерин сүйлөшөт. Аны менен катар эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу суроолор боюнча талкуулашат”, — деп кабарлады президенттин маалымат кызматы.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Атамбаев менен Меркель журналисттер үчүн биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөт.

218
Белгилер:
иш сапар, "Манас" эл аралык аэропорту, Ангела Меркель, Алмазбек Атамбаев, Германия
Тема:
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)
Тема боюнча
Сириялык качкындар боюнча лагер түзүүнү Атамбаев менен Меркель талкуулабайт
Атамбаев менен Меркел үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт