Маммүлк фондусунун жетекчисинин орун басарлыгына Бекболот Алиев дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель чиновника на заседании. Архивное фото
Портфель чиновника на заседании. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматта иштеп келген Азаматбек Абдыбеков премьердин буйругу менен бүгүн бошотолду.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бекболот Алиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы. 

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бекболот Алиевди өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басарлыгына дайындаган буйрукка кол койду", — деп маалымат кызматы билдирди.

Ал эми буга чейин аталган кызматта иштеп келген Азаматбек Абдыбеков премьердин буйругу менен бүгүн бошотолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0