Премьер Жээнбеков министр Максутовго сөгүш жарыялады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөгүш аткаминерге кызматтык милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн жарыяланган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовго сөгүш жарыялады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта, сөгүш аткаминерге кызматтык милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн жарыяланды деп жазылган.

Буга чейин өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолдун сапаты начар болгондуктан сөгүш алган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0