Керри Түркиядагы окуяларга АКШнын тиешеси бар деген билдирүүнү калп деп атады

© Sputnik / Михаил Палинчак / Медиабанкка өтүүАКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлкөдөгү баш аламандыкка Фетхуллах Гүлендин тийиштиги бар экенин айтып, аны коргоп жаткан мамлекет алардын досу эместигин билдирген.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Түркиядагы аскердик төңкөрүшкө болгон аракеттерге АКШнын тийиштиги бар деген билдирүү эки мамлекеттин мамилесине доо кетире турганын АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Американын мамлекеттик департаментине шилтеме берүү менен маалымдады.

Буга чейин түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлкөдөгү баш аламандыкка Фетхуллах Гүлендин тийиштиги бар экенин айтып, аны коргоп жаткан мамлекет алардын досу эместигин билдирген.

"Керри өзүнүн түркиялык коллегасы Мевлют Чавушоглу менен болгон сүйлөшүүсүндө АКШ түрк бийлигине окуяны изилдөөгө жардам берүүгө даяр экенин, ошол эле учурда Американын бул окуяга тиешеси бар деген билдирүүлөрдү эл алдында айтуу эки мамлекеттин мамилесине доо кетире турганын билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы элчилик 16-июлдан бери байланышпай жаткан кыргызстандык аялды издеп жатат
Керри Түркиянын Тышкы иштер министрин иликтөө иштери учурунда адилеттүү болууга жана эл аралык милдеттенмелерин так аткарууга чакырды.

Жума күнү кечинде түрк бийлиги өлкө бийлигин басып алууга аракеттер болгонун жарыялаган. Өз кезегинде Түркиянын аскерлери бийлик алардын колуна өткөнүн жар салышкан. Ишемби күнү эртең менен аскерлер колго түшүп берип баштаган. Түрк бийлиги козголоңчулардын аракети ишке ашпай калганын билдиришкен. Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 3 миңден ашык киши камакка алынган, алардын арасында генералдар жана башка жогорку кызмат адамдары дагы бар. Өлкөнүн бийлигин басып алууга болгон аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 104тү козголоңчулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0