Жээнбековдун жүз күнү: өкмөттүн өзгөргөн курамы, сөгүш алган аткаминерлер

Жазылуу
Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын премьер-министри болуп иштей баштаганына туура 100 күн толду. Өкмөт башчы бул убакыт ичинде кандай иштерди аткарып жетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолунун курулушундагы тендер чырынан кийин Темир Сариев премьерликтен кеткен. Анын ордуна КСДП фракциясы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. Жээнбековдун өкмөт башчы болушу анын иниси ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдун кызматтан кетүүсүнө себеп болгон.

13-апрелде Жогорку Кеңеш премьерлик кызматка Жээнбековдун талапкерлигин жактырган. Ушул эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев аны өкмөт башчылыкка дайындаган

22-июлда Жээнбеков өкмат башчысы болуп иштей баштаганына туура 100 күн толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул убакыт ичинде Жээнбеков эмнелерге жетишкенин эстеп көрүүнү чечти. Бардык маалыматтар ачык булактардан алынды.

Кадрлар баарын чечет же премьер темирдей катуу тартипти кантип орнотууда

Кыргызстандын министирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларация: министрлердин бай-кедейи ким?
Өкмөттүн курамы Сариев учурундагыга салыштырмалуу бир аз өзгөрдү. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Мухамметкалый Абулгазиев келди. Транспорт министри Аргынбек Малабаевдин ордун Замирбек Айдаров ээледи. Ал эми Акылбек Осмоналиев өкмөттүн аппаратын жетектеди.

Муну менен кадрлык алмашуулар токтоп калган жок. 25-апрелдеги өкмөттүн жыйынында Жээнбеков Мамлекетик токой чарба агенттигинин башчысы Атажановду "маскарапоз" болбоого чакырды. Аткаминер докладды мөөнөтүнөн узак окуп, суроолорго жооп берүүдөн тайсалдаган. Эки күндөн кийин Атажанов кызматынан алынган.

Премьер-министр бир катар аткаминерлерге сөгүш да берди. Өкмөт башчынын "каарына" Транспорт жана жолдор министри, Маданият, маалымат жана туризм министри, Экономика министрлигинин статс-катчысы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы калды. Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасы эки айдан кийин кызматтан биротоло алынган.

Министрлердин катарынан бирөө гана кетти. Ал Ички иштер министри Мелис Турганбаев. ИИМдин мурдагы башчысы өз каалоосу менен кызматтан кеткен

Премьер-министр ошондой эле өкмөттүн курамын өзгөрттү. Анда өкмөттүн курамы кыскарбастан кайта бир кызматка көбөйдү. Ал күч түзүмдөр блогу боюнча вице-премьер-министр. Бул кызматка өкмөттүн Баткендеги ыйгарымдуу өкүлү Жеңиш Разаков келди.

Экономика

Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларация: Атамбаев, Жээнбеков, Турсунбековдун кимиси бай?
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, биринчи кварталдын жыйынтыгы менен ички дүң өнүм (ИДӨ) былтыркыга салыштырмалуу 4,9 пайызга кыскарган.

Жээнбеков өкмөттү экинчи кварталдан тарта башкарган. Жарым жылдын жыйынтыгына ылайык, ИДӨ 2015-жылдын алты айына салыштырмалуу 2,3 пайызга төмөндөгөн.

Бирок, Кумтөрдү эске албаганда экономика биринчи кварталда 1,2 пайызга жана экинчи кварталда бир пайызга өскөн.

Жол

Жол темасы да премьер-министрдин бир топ убактысын алды. Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин кызматтан кетишине себеп болгон Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна азыркы өкмөт дагы каражат бөлүүдө. Ал жолдун сапатына көңүл бурууда. Мисалы, Бишкектен "Манас" аэропортуна кетчү жолдун сапаты тийиштүү деңгээлде көзөмөлгө албаганы үчүн транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров сөгүш жарыялаган. Ошондой эле стратегиялык жана жергиликтүү жолдордун сапатына көңүл бурууну талап кылган

Сапарлар

Бул мезгил ичинде өкмөт башчы эл аралык иш-чараларга катышып жетишти. 11-12-майда ал Тажикстанга жумушчу иш сапары менен барды. Анын алкагында CASA-1000 (Кыргызстандан Пакистанга чейин электр энергиясынын линиясы) энергетикалык долбоорунун ачылуу салтанаттуу иш-чарасына катышып, CASA-1000 түркүгүнүн бурамасын бурады

Бир жумадан кийин 19-20-майда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Ал эми июнь айынын аягында Кытайда болгон "Жайкы Давос — 2016" дүйнөлүк экономикалык форумга катышты.

Жээнбеков бул мезгил аралыгында Кыргызстанга келген жогорку даражалуу конокторду да тосуп, эл аралык жыйындарды өткөрдү. 7-июнда Бишкекте анын жетекчилиги алдында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны өттү.

Эл аралык деңгээлдеги билдирүүлөр

Маанилүү билдирүүлөр КМШ мамлекеттиринин өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынында айтылды. Анда Жээнбеков Кыргызстан КМШ менен ЕАЭБ ортосунда эркин соода аймагын киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле Жээнбеков КМШнын кийинки тагдыры жана эркин соода режими туурасында дагы өз оюн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0