Финполдун жетекчиси Аширов бошотулуп, ордуна Кадыралиев келди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйруктарга премьер-министр кол коюп, жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка бүгүн, 25-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен аталган кызматка Айбек Кадыралиев дайындалып, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жээнбеков өзү тааныштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0