Кыргызстан түрк министринин "гүленчилерге" каршы чара көрүү чакырыгына жооп кайтарды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк министринин кадамын туура эмес деп баалады.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк министри Мевлүт Чавушоглунун билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Эскерте кетсек, 24-июль жекшемби күнү Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Кыргызстандын бийлигин дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына карата чара көрүүгө чакырган.

ТИМ министрдин айткандарын дыкат карап чыкканын белгиледи.

"Түркия Кыргызстанга боордош мамлекет. Биздин тарыхыбыз бир. Түрк тараптын тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алабыз. Ошол эле учурда Кыргызстан көз карандысыз мамлекет экенин эске салып, кандай чараларды көрүү керектигин өзү кабыл алууга жөндөмдүү экенин баса белгилейбиз. Кайсы бир өлкөнүн тышкы иштер министри башка мамлекетке кандай аракеттерди кабыл алуу керектигин көрсөтүүсүн туура эмес кадам катары баалайбыз. Аны ультиматум же шантаж катары кабыл алабыз", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик ошондой эле түрк тараптан Кыргызстандын аймагындагы түрк лицейлери тууралуу билдирүү алганын белгилейт.

"Кыргыз тарап аны карап жатат. Зарыл болгон учурда тийиштүү чараны өз убагында кабыл алат. Булардын бардыгы өлкөнүн ички иши экенин баса белгилейбиз", — деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы
16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулар аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылышкан. Негизинен окуялар Анкара жана Стамбул шаарында болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, бул каргашадан 290 киши каза болуп, 1,5 миңдей киши түрдүү жаракат алган.

Күч түзүмдөрү төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар деген шек менен 10 миңден ашык кишини кармаган. Алардын ичинде 118 генерал жана адмиралдар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0