Кыргыз Республикасынын желеги. Архив

ЖМК: Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанда төңкөрүш болорун эскертти

333
(жаңыланган 19:54 25.07.2016)
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине эскертүү берилди. Ал боюнча өлкө президентине маалымат бериле турганын айтышты дейт Чавушоглу.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Haber Turk каналынын түз эфиринен Кыргызстанда дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жактоочулары тарабынан даярдалып жаткан "бийликти басып алуу" аракеттери болору жөнүндө билдирди.

Чавушоглунун айтымында, Түркияда 15-июлдан 16-июлга караган түнү болгон окуядай коогалаң "боордош элде" дагы кайталанышы мүмкүн.

"Биз бир канча мамлекеттердеги коркунучтар тууралуу эскертип жатабыз. Мисалы, Түркияда болгон окуялар Кыргызстанда да болуп кетиши мүмкүн экенин өлкө бийлигине айттык. "Гүленчилер" мамлекеттик жогорку кызматтарда иштей турганы тууралуу кабардар кылып, керектүү чараларды көрүү керектигин белгиледик", — деп Чавушогду билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскертүүнү өлкө президентине жеткиребиз деп айтканын кошумчалады.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстандагы "гүленчилерге" карата чара көрүүгө чакырган болчу. Эгер тийиштүү аракеттер көрүлбөсө Түркиянын Кыргызстанга болгон мамилеси өзгөрөрүн баса белгилеген.

КР Тышкы иштер министрлиги түрк министринин мындай билдирүүсүн туура эмес кадам деп баалап, Кыргызстан эгемендүү мамлекет экенин, тийиштүү чараларды өз алдынча кабыл аларын эскерткен.

333
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, Тышкы иштер министрлиги, Түркия
Тема боюнча
Кыргызстан түрк министринин "гүленчилерге" каршы чара көрүү чакырыгына жооп кайтарды
Эрдоган бийликти басып алууга аракет кылгандар өч алышы мүмкүн экенин айтты
Пикирлер