Путин менен Эрдоган августта Санкт-Петербург шаарында кезикмей болушту

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Россия президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түркиянын вице-премьери Мехмет Шимшек Түркия президенти август айында Россияга иш сапар менен барарын айткан эле.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен 9-августта кезигет. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. 

Анын айтымында, эки өлкөнүн башчылары Санкт-Петербург шаарында жолугат. 

"Путин менен Эрдогандын жолугуусу 9-августка белгиленди", — деди Песков. 

Эске сала кетсек, буга чейин Түркиянын вице-премьери Мехмет Шимшек Түркия президенти август айында Россияга иш сапар менен барарын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0