Жергиликтүү соттордун жаңы судьяларына мыйзам чегинде гана иш алып баруу тапшырылды

© AFP / DAMIEN MEYER Сот таразасы. Архив
Сот таразасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку сотто жаңы дайындалган соттор ант беришти.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары 28-июлда ант беришкенин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жаңы дайындалган кесиптештерин куттуктап, Соттун кызматы ардактуу болгону менен бирге чоң жоопкерчиликти талап кыларын айтты.

"Сиздердин иштериңиздерге ийгиликтерди каалоо менен бирге мыйзам чегинде гана иш алып барууңуздарды өтүнөм" — деп Токбаева белгилеген.

Бишкектеги аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот маршруттук каттамдарды аныктоочу сынак өткөрүүнү убактылуу токтотту
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 26-июлда "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун, Нарын жана Ош облустарынын райондор аралык сотторунун, Баткен жана Талас облустук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0