Алмазбек Атамбаев прокурордун унаасын жардырган кылмышкерди табуу талабын койду

Жазылуу
Өлкө башчысы ошондой эле оор жаракат алган Эркин Курманалиевге дарылануу үчүн материалдык жардам берүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев унаасы жардырылган прокурордун окуясы боюнча кылмышкерди табууну УКМК жетекчиси менен ИИМ башчысына тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 29-июлда Орто-Сай айылында прокуратура кызматкеринин Lexus үлгүсүндөгү унаасы жарылган болчу. Башкы прокуратура кырсык болгонун тастыктап, кызматкер жабыркаганын билдирген.

"Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевге, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн улук прокурору Эркин Курманалиевдин автоунаасын жардыруу фактысын кылдат териштирүүнү жана кылмышкерлерди табууну талап кылды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго жана Башкы прокурор Индира Жолдубаевага аталган ишти көзөмөлгө алуу жана кылмышкерлерди жоопко тартууну камсыз кылуу тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0