УКМК "Элдик парламенттин" дагы бир мүчөсүн кармады

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында аталган бирикменин бир катар мүчөлөрүнө бийликти басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Элдик парламенттин" дагы бир мүчөсү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

"Элдик парламенттин" жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында 30-июлда Т.К. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта. 

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Элдик парламенттин камактагы өкүлдөрүн №1 абакка которгону жатышат
Май айында аталган бирикменин бир катар мүчөлөрүнө бийликти басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен кылмыш иши козголгон. Шектүү жарандар камакка алынган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековго карата тергөө иштери аяктай элек болгондуктан дагы эки ай камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0