КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов. Архив

Иса Өмуркулов: премьер-министр болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат

160
(жаңыланган 14:40 02.08.2016)
Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, премьер-министр же вице-премьер болуп шайланган депутаттардын мандаты сакталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов билдирди. 

Эске сала кетсек, референдум өткөрүү менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары көтөрүп чыккан. 

"Эгерде долбоор кабыл алынса премьер-министр, же вице-премьер болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат. Ал регламент боюнча жыйындарга катышып, добуш берүүгө укуктуу болот", — деди Өмуркулов. 

Буга чейин өкмөт башчылыка жана вице-премьерликке келген депутаттар мандатынанан ажыратылып келген.

160
Белгилер:
өкмөт башчы, депутат, мандат
Тема боюнча
Референдум: Конституция кандайча өзгөрөт?
Референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өтөт
Пикирлер