Назарбаев: Казакстандагы Гүленге тийиштүү делген мектептер текшерүүдөн өтөт

© REUTERS / UMIT BEKTASКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оппозициялык динаятчы Фетхуллах Гүлен Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылды деп айыпталууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Түркияда оппозициялык динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп эсептелген Казакстандагы бардык мектептер текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу президент Нурсултан Назарбаев Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Назарбаев Анкарага иш сапары менен барган. Ал журналисттерге аталган окуу жайлар мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айтты.

"Биз Түркияга кооптуулук жараткандарды колдобойбуз. Бул биздин кызыкчылыгыбызга каршы келет. Аталган мектептерди текшерүү боюнча макулдаштык. Эгер алардын Гүлен менен байланышы бар экени далилденсе, мугалимдерди алмаштырабыз. Бул окуу жайлар тууралуу макулдашуу президент Тургут Озалдын убагында түзүлгөн. Окутуу акыга жүргүзүлөт, билимдин сапаты абдан жогору. Учурда 9 миң окуучу окуп жатат. Бирок алардын арасында терроризмге шектелген бирөө жарым болсо, биз Түркиянын талабын толугу менен аткарабыз", — деди Назарбаев.

Эрдогандын айтымында, ал казак президентине Гүлен менен байланышы бар делген Казакстандагы 33 мектептин тизмесин берген. 

Haber10 маалымат сайтынан алынган кадр. Президент Алмазбек Атамбаев. - Sputnik Кыргызстан
Түркия ЖМКлары Атамбаевдин билдирүүсүн "күтүлбөгөн сокку" деп баалады
Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Негизги кагышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өттү. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылышкан. Гүлен төңкөрүш аракет кескин сындап, ага тиешеси жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0