Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда

Путин менен Эрдоган Санкт-Петербургда жолукту

376
(жаңыланган 17:49 09.08.2016)
Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2015-жылы 16-ноябрда Антальяда өткөн G20 саммитинде жолуккан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Россиянын учагы атып түшүрүлгөндөн кийин биринчи жолу Санкт-Петербург шаарында Константиновский сарайында жолукту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Sputnik Türkiye маалымат агенттигинин билдиришинче жолугушуу бир сааттай кеч башталды. Эки мамлекет башчысынын жолугушуусун чагылдыруу үчүн Европа, АКШ, Орто Азия, Кытай жана Япония мамлекеттеринен 200дөн ашык журналист келген.

Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2015-жылы 16-ноябрда Антальяда өткөн G20 саммитинде жолуккан.

Жолугушууга ошондой эле Россия тараптан ТИМдин башчысы Сергей Лавров, тышкы иштер боюнча президенттин кеңешчиси Юрий Ушаков катышууда. Түрк тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, түрк президентинин аппаратынын башкы катчысынын орун басары Ибрагим Калын бар.

Маалыматтарга ылайык, Россия менен Түркиянын президенттери чартердик каттамдарды жандантуу, түрк товарларын Россияга экспорттоо маселелерин талкууга алат. Ошондой эле Россиядагы түркиялык курулуш компанияларынын иштери, Түркиядагы "Ак кую" атомдук электр станциясынын курулушу жана "Түрк агымы" газ куурунун иши да каралат.

Өлкө башчылары жолуккандан кийин отурум жабык эшик артында уланууда.

376
Белгилер:
жолугушуу, Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Турция, Россия
Тема боюнча
Путин менен Эрдоган эки мамлекеттин мамилесин жакшыртууну сүйлөштү