ИИМ менен Япония элчилиги кызматташуунун жаңы жолун издейт

© Фото / пресс-служба МВДИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен Япония элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусунда
ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен Япония элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган макулдашуу ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин Япония элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Кыргызстан менен Япония терроризм менен күрөшүүдөгү көз карашы бирдей. Бул тууралуу ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен Япония элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусунда белгилүү болгондугун ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 12-августта болгон. Анда тараптар чогуу кызматташуу жолдорун талкулашты. 

"Жолугушуу учурунда терроризм, экстремизм менен күрөшүү жолдору, алдын алуу иштер талкууланды. Бир канча макулдашууларга кол коюлду", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, тараптар укук коргоо жаатында да кызматташмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0