ЖККУнун коргоо министрлери эмдиги жылы жасалчу иштерди аныкташты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖККУ мамлекеттеринин желеги. Архив
ЖККУ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара делегация башчыларынын жыйынтыктоочу документтерге кол коюусу менен аяктады.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев баштаган кыргыз делегациясы Арменияда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлери кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. 

Башкы штабдын маалыматына ылайык, отурумдун жүрүшүндө аскер ведомстволорунун жетекчилери ЖККУнун Биргелешкен штабынын ишмердигин өркүндөтүүгө тиешелүү маселелерди талкуулашты. 

"2016-жылдын экинчи жарым жылдыгына жана 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата тышкы саясат, коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча план, бир катар документтердин тизмеги каралды", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара делегация башчыларынын жыйынтыктоочу документтерге кол коюусу менен аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0