КМШ саммити: конок камы же кош келиңиздер, президент мырзалар!

© Sputnik / Табылды КадырбековКМШ мамлекеттеринин желектери. Архив
КМШ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда борбор калаа сыйлуу конокторду тосуп алууга катуу даярдык көрүүдө. КМШ өлкөлөрүнүн президенттери кайсыл жакка жайгашып, кантип сый көрөрүн жана даярдык кандай жүрүп жатканын төмөнкү макаладан окуңуздар.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрь күндөрү КМШ өлкө президенттеринин кезектеги саммити өтөт. 

Азырынча саммитке Владимир Путиндин келери анык. Ал эми калган президенттер тууралуу Тышкы иштер министрлиги үн ката элек. 

Анткен менен Бишкек шаары конокторду тосуп алууга катуу киришти. 

Сырдап, арыктарды казып, жаңы тосмолорду орнотуп жатабыз. 

Президенттерди тосуп алууга борбор калаа канчалык деңгээлде даяр экенин мэрия айтып берди. Маалыматка ылайык, 140 жарнамалык такталар алынып, 94 аялдама иретке келтирилген. 

Фучик көчөсүндөгү жаңы дарбазалардын артында эмне бар? - Sputnik Кыргызстан
Фучик көчөсүндөгү жаңы тосмолордун артында эмне бар?
Мындан сырткары, Фучик көчөсүн бойлой кооз тосмолор орнотулуп, узундугу 1355 метрге чейин жетет. Ал эми Чүй жана Жибек Жолу проспектиси боюнча да 4,3 чакырымга созулган тосмолор да коюлду. 

Даярдык муну менен гана чектелбей, Фучик көчөсүндөгү жана Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги шам чырактар алмаштырылып, жаңылары коюлуп жатат. 

Ал эми "Зеленстрой" ишканасы 233 даракты кыйып, бир канча гүлдөрдү отургузду. Кошумча өсүп кеткен чөптөрдү кыйып, арыктарды тазалоодо.

Мындан сырткары, көп кабаттуу 21 үйдүн фасадын оңдоп-түзөшөт. 

Ич чыкпаган жагдай 

Анткен менен жогорку деңгээлдеги деген иш-чара, тагыраагы көрүлгөн даярдык бардыгына эле кубаныч тартуулаган жок, нааразычылыктар бар. Муну алар социалдык тармактарга жазып жатышат. Мисалы, аны сырдоо Айгерим Байдалиева аттуу интернет колдонуучуну абдан нааразы кылып, анысын муниципалитетке багыттаган. 

"Саммитке даярданып, Тынчтык проспектисинде жайгашкан менин үйүмдүн бардык терезелерин сырдап салышты. Алдын ала кулактандырууларды илишкен, бирок терезени өзүбүз чаптап чыгууга (балкон айнектелген) мүмкүн эмес. Өзгөчө терезелерин жууп-тазалап чыгуу түйшүк жараткан пенсия курагындагылар боор оорутат. Мэрия бул ишти колго алгандан кийин ири алдыда жарандардын кызыкчылыгын ойлош керек. Эмнеге баш-аягы жок иштерге акча табылат да, кишилердин коопсуздугуна жана анын мүлктөрүнө келгенде сыйпалап калышат?", — деп нааразылыгын билдирген ал. 

Мындан кийин мэриянын өкүлдөрү менен байланышканыбызда, алар жана подрядчылар "чара көрөбүз" деген убада беришти. 

Президент России Владимир Путин. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин Бишкекте өтө турган КМШ президенттеринин саммитине катышат
Бишкектиктерди ызы-чуудан коргой турган тосмолор нааразы кылып жатыптыр. Маселен, SteelDrake аттуу колдонуучу эмоция коштогон пикирин жазган.

"Кайра куруу менен 90-жылдарды эске түшүргөн эмне деген тосмо бул? Анын түсүн "жашыл шаар" менен байланыштуу болсун деп бир "көсөм" сунуштаса керек да. Бак-дарактардын кебетесин карагылачы? Же Бишкекти атайын кейпин келиштирип көрсөтөлү деп жатасыңарбы? Улуттук оюуларды ар кайсы жерге жармаштыра бергенди да токтотуу керек. Япония, Германия, Штатта деле улуттук оюм-чийимдер бар, бирок алар ашкере пайдаланылбайт", — деген дизайнер.

Ал арада тосмолорду орноткон үч компаниянын бири алар үн өткөрбөйт деп так кесе айтпай турганын, берилген тапшырманы гана аткарганын айтып чыкты.

Эмне үчүн дал ушундай тосмолор орнотулганын мэрия түшүндүрүп берди.

"Тосмолор ызы-чуусу көп жана адамдар көп өтө турган жерге коюлду. Алар эки жумушту аткарып турушат", — деп билдирди муниципалитеттин маалымат кызматы.

Меймандар эмне жеп, кайда жайгашат

"Компания Манас Менеджмент" ишканасы жогорку даражалуу коноктор кандай тосула турганын айтып берди.

"Сөзсүз түрдө баарын боорсок менен тосуп алабыз", — дешти кызматкерлер.

Андан сырткары, келген президенттердин айланасындагылар заказ кылып, кетип бара жатканда бортто кандай тамак-аш болушу керектигин алдын ала айтышат.

"Сөзсүз эле улуттук тамак-аш болушу шарт эмес. Эмне жей тургандыктарын көбүнчө өздөрү айтышат", — дешти ишканадан.

Прибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Гимн, боорсок жана каз катар тизилген министрлер. Меркелди аба майдандан жылуу тосуп алышты
Белгилей кетсек, Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга болгон сапарынын учурунда боорсоктон ооз тийип, даамына тамшанууга үлгүргөн.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы өлкө башчылар кайда жайгаша турганын айтып берди.

"Негизи мындай иш-чаралар үчүн мамлекеттик резиденция бар. Бирок келгендер ал жакка жайгашпай калышы мүмкүн. Мунун баары протокол кызматынын чечимине жараша болот", — дешти башкармалыктан.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстан төрагалык кылат. Буга чейин Бишкекте КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өткөн.Быйыл КМШга Кыргызстан төрагалык кылат. Бишкекте 7-июнда шериктеш мамлекеттин өкмөт башчыларынын отуруму болгон. 

КМШнын курамына Балтика боюндагы республикаларды кошпогондо, мурдагы постсоветтик мамлекеттердин бардыгы кирген. 2009-жылдан бери Грузия расмий түрдө мүчө болбой калган. КМШга учурда 11 мамлекет – Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Белоруссия,  Казакстан, Молдова,  Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мүчө.  

Бул КМШнын Бишкек шаарында өтүүчү 3-саммити. Алгачкы жыйын 1992-жылы, экинчиси 2008-жылы болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0