Президент фракция лидерлери менен Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Алмазбек Атамбаев референдум жолу менен Конситуцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөндөр менен жолугушуу учурунда
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев референдум жолу менен Конситуцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөндөр менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми референдум өткөрүлө турган күн толуктоолор жана кошумчалар бүткөн соң сентябрь айынын ортосунда белгилүү болот.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев референдум жолу менен Конситуцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөндөр менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Референдум учурунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш ооруткан Баш мыйзам. Эксперттер сунушталган өзгөртүүлөрдүн оош-кыйышын экчеди
Жолугушуу Москва шаарында өрттөн каза болгондорду жана Ош — Бишкек унаа жолунда көз жумгандарды эскерүү менен башталып, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, СДПК лидери Иса Өмүркулов, "Республика – Ата Журт" лидери Өмүрбек Бабанов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев, "Өнүгүү-Прогресс" лидери Бакыт Төрөбаев жана "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдор катышты.

"Мамлекет башчысы Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгеге коомчулукта айтылган сындарды эске алуу менен толуктоолорду жазуу керектигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта. 

Өз кезегинде лидерлер айтылган сунуштарды кабыл алууга даяр экендигин айтып, коомдук талкууну 10-сентябрга чейин узартуу демилгесин колдой тургандыгын билдирди. 

Ал эми референдум өткөрүү күнү толуктоолор жана кошумчалар бүткөн соң сентябрь айынын ортосунда белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0