Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө жооп беришти

1786
(жаңыланган 15:19 01.09.2016)
Кайрылууда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылы кабыл алынган бардык чечимдерге жооп берүүгө даяр экендигин белгилейт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрүнө жооп катары атайын кайрылуу таратышты. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 31-августта эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө каршы чыккандарга өз пикирин айткан. Анда өлкө башчы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлөп, учурдагы Конституцияга бир катар "мина" коюлгандыгын, референдумга добуш бергендердин көпчүлүгү Роза Отунбаева президент болуп шайланып жаткандыгын билбегендигин билдирди.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент чектен ашкан билдирүүлөрдү айтты деген пикирде. 

"2010-жылы Конституцияны кабыл алууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Ошол Конституциянын жардамы менен өлкөгө стабилдүүлүк жана тынчтык орногон. Биз экс-президент Роза Отунбаевага каршы айтылган сындарды жөнсүз деп билебиз", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевден кечирим суроону талап кыларын баса белгиленет.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен байланышканыбызда аталган кайрылуу Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Эмил Каптагаев, Исмаил Исаков, Болот Шер, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев жана өзү тарабынан жөнөтүлгөндүгүн билдирди. 

1786
Белгилер:
саясат, өкмөт, реформа, конституция, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
Тема боюнча
Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопко тартууга чакырды
Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти
Отунбаева Атамбаев Ала-Тоо аянтында сүйлөп жаткан маалда сахнадан кетип калды
Пикирлер